• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Мыйзамсыз ташылып бараткан бир млн сомдук энергетикалык ичимдиктер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Аткезчилик жүк менен ташылып бара жаткан энергетикалык ичимдиктер кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-майында УКМК Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын аймагында (Сох анклавына жакын жерде) “Мерседес Бенц Спринтер” жана “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү автоуналардын айдоочулары Б.Н., жана С.М., токтотушкан. Алар жалпы баасы 1 миллион сомдон ашык болгон 6 060 банка энергетикалык суусундуктарды ташып бара жаткандыгы аныкталган.

Бул факты маалыматтарды каттоо журналына катталып, азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий