• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК Нарында мыйзамсыз иштеген майнинг-ферманын ишине бөгөт койду

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жана республикада электр энергиянын олуттуу жетишсиздигин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын электр тармактарына ири зыян келтирген майнинг-ферманын (криптовалюта үчүн өндүрүшүндөгү) мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын аймагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде, Кыргыз Республикасынын жараны "Б.Т.Б." 118 даана өлчөмүндө майнинг-ферманы жеке үйгө орнотуп мыйзамсыз пайда алып жүргөнү аныкталды.

"Б.Т.Б." өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу максатында, "майнинг-фермасынын" жайгашкан жерин, ошондой эле ал жердин үн изоляциясын жана желдетилишин жашыруу боюнча максаттуу иш-чараларды уюштурган.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар адамдардын бардыгын аныктоо иштери улантылууда.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий