• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

УКМК: «New TV» жана «NUR TV» телеканалдардын жетекчилерине расмий эскертүү жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 01.08.19. /Кабар/. УКМК органдары тарабынан «New TV» жана «NUR TV» телерадио компанияларынын жетекчилери Шакиев Нурланбек Тургунбекович жана Келдибеков Бекболот Ахматбекович профилактикалык маекке чакырылды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Н. Шакиевге жана Б.Келдибековго чагымчыл видео материалдарды жайылтууга жана коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге тыюу салуу боюнча расмий эскертүү жарыяланган.

"Айтылган жетекчилер бул нерсеге түшүнүү менен карап, алдыда мындай иш аракеттердин кайталанбастыгына милдеттенме алышты", - деп кошумчалашты ведомствонун басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий