• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзгөн комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө Ноокат шаарынын жооптуу адамдары кармалды.

Такталган маалымат боюнча, 2017-жылдан 2021-жылдын июнуна чейинки аралыкта Ош облусунун Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, бюджетке 15 млн 43 миң 720 сом өлчөмүндө зыян келтиришкендиги аныкталган.

2021-жылдын 13-октябрында КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Ноокат шаарынын мэри “Н.Ж.А.” жана мурдагы спикер, азыркы учурда Ноокат шаардык кеңешинин депутаты “Г.А.М.” кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жана бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий