• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

УКМК: Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлду

Укук тартиби 0


Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлду, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 21-апрелинде КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жана атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү ("Курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып козголгон кылмыш ишинин алкагында, ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткан учурда оптикалык жабдык менен Б.К.Т., аттуу Талас районунун тургуну кармалды.

Ошону менен бирге, тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран мыйзамсыз сактап жүргөн 3 даана ок атуучу курал ок-дарылары менен табылып алынды.

Бул факты боюнча учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий