• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Опузалап пара алуу боюнча Аламүдүн ИИБ тергөөчүсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 9-апрелинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусунун укук коргоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте, мурда алынган каражатты пара катарында кайтарып жаткан жеринен Аламүдүн РИИБдин тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты «Д.Б» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, тергөө органдары тарабынан КР жараны «М.у.Т» аттуу адамга карата сотко чейинки иш козголгону туралуу "Д.Б" аттуу тергөөчү моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү менен сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн тергөөчү «М.у.Т» аттуу жарандан 2 миң доллар алганы аныкталды.

Андан кийин, опузалап талап кылуу фактылары ачыкталып кетишине жол бербөө үчүн, тергөө органдарынын өкүлдөрү аталган «М.у.Т» жаранга 1 миң 500 доллар кайтарып беришкен. Калган 500 доллар өлчөмүндөгү каражаттын калган бөлүгүн кайтарып берүү учурунда, милициянын ага лейтенанты «Д.Б.» кармалган.

Аталган материал КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий