• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Опузалап пара алуу фактысы боюнча Октябрь райондук прокурордун орун басары кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. УКМК Башкы прокуратура менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында, 17-ноябрда пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун А.А.Э. аттуу орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Ал “Кылмыш жоопкерчилигине тартамын” деп коркутуу жолу менен укук коргоо кызматкерлеринен 5 миң АКШ доллар акча каражатын талап кылган.

Кармоо учурундагы жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында прокуратуранын кызматкери тарабынан аталган сумманын 200 миң сомдон ашык бөлүгүн опузалап алгандыгы тууралуу материалдык жана документалдык далилдер табылып алынды.

А.А.Э. Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий