• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: Опузалап талап кылуу жана адам уурдоо фактысы боюнча УКТнын үч мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Опузалап талап кылуу жана адам уурдоо фактысы боюнча УКТнын үч мүчөсү кармалды, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту ("Баңги каражаттарын психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") негизинде адам уурдоо, опузалап талап кылуу жана өлтүрөм деп коркутуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын алкагында 2022-жылдын 2-апрелинде КР жарандары Э.Б., С.С. ,жана А.М., кармалды.

Буга чейин УКМКга жазуу түрүндө О.Ю., аттуу жаран М.у.А., аттуу анын тууганын уурдап, физикалык күч колдонуп, белгисиз даректеги ижарага алынган батиринде кармап тургандыгы, уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалгандар "Дөө" каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобуна катышы бар экендиги такталган.

Пикир

Оставить комментарий