• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Орхан Инандыга эки жыл мурда уурдоо коркунучу тууралуу эскертүү берилген

Коом 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Орхан Инандыны уурдагандарга катыштыгы барларды издөө боюнча чараларды көрүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, УКМК КР жараны – “Сапат” билим берүү мекемелеринин мурдагы башчысы Орхан Инандыны уурдоо фактысы боюнча 2019-жылы уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрүнүн кун алуу максатында О.Инандыны уурдап кетүү ниети жөнүндө алынган маалыматка байланыштуу КР Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренесинде ("Адам уурдоо") каралган кылмыш белгиси боюнча сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында текшерүү иш-чаралары уюштурулган.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын тергөө органдары тарабынан О.Инандыга уурдоо коркунучу тууралуу маалымат берилген. Ушуга байланыштуу улуттук коопсуздук органдарынын жүргүзүп жаткан текшерүү иш-чаралары менен катар ага жеке коргоону тартуу жана зарыл болгон сактык чараларын көрүү жөнүндө сунуштама берилген.

УКМК КР Ички иштер министрлигине аталган кылмышка катыштыгы бар адамдарды издөө иштеринде КР Ички иштер министрлигине көмөктөшүү боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий