• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК Орхан Инандынын жарандыгын текшерүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Орхан Инандынын жарандык алуу маселеси текшерилүүдө. Бул тууралуу парламенттин жыйынында УКМК төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков айтты.

Анын билдирүүсүнө караганда, иликтөөнүн жыйынтыгында тиешелүү чара көрүлөт. "Бул сиздерге маалымат үчүн айтылууда", - деди ал.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын жараны Инанды 31-майда Бишкекте жоголгон. Милиция "Адам уурдоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Орхан Инандыны издөө жана тактоо боюнча сотко чейинки өндүрүш ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

"Сапат" билим берүү мекемеси окуу жайдын президенти Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо үчүн сый акы бере турганын жарыялады. Сый акы берилген маалыматка жараша болот.

Пикир

Оставить комментарий