• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Ош облусунда кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 248-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча “кылмыш жасоо үчүн уюшкан топ түзүү” фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ош шаарында жана Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

“Кылмыштуу топтун 23 мүчөсүнүн жашаган жеринен санкцияланган тинтүүлөрдүн жыйынтыгында, АК-47 үлгүсүндөгү 2 мылтык, 2 травматикалык тапанча, 32 мм калибрдеги белгисиз мылтык, 12 мм калибрдеги ТОЗ-34 үлгүсүндөгү 2 көзөнөктүү мылтык, оптикалык мээлегичи бар мылтык, белгисиз маркадагы өз колу менен жасалган мылтык (кесилген), ТОЗ-16 үлгүсүндөгү мылтык, 15 бычак, 2 жезден жасалган кастет жана көп сандагы патрон табылып алынган”, - деп билдирет УКМК.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюу боюнча иштер улантылып жатканын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий