• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

УКМК: Ош шаардык милициясынын кызматкери опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Ош шаардык ишки иштер башкармалыгынын кызматкери опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКК) билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (“Опузалап пара алуу”) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анда алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан пара талап кылынган.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында пара алып жаткан жеринен Ош шаардык милициясынын №5 шаардык милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү А.Т. кармалды.

Кармалган жаран Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда УКМК тарабынан аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий