• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Ош шаарында өзгөчө абал режимин бузган аялдын өздүгү аныкталды

Укук тартиби 0


Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Ош шаарында өзгөчө абал режимин бузган аялдын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

КР УКМК өздүк коопсуздук кызматы блокпост аркылуу өтүү аракетин көрүп, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жолдошум УКМКда иштейт деп коркуткан фактысы боюнча териштирүү жүргүзүүдө. Окуя 2020-жылдын 31-мартында Ош шаарынын өткөрмө пункттарынын биринде 15:00 чамасында орун алган.

Азыркы учурда аял кишинин өздүгү такталды. Ал 1976-жылы туулган Токтомушева Зарема Жанышбековна болуп чыкты. Аялдын күйөөсү УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын медициналык пунктунда жарым күндүк ставкада иштеген, Ош шаардык ооруканасынын хирургиялык бөлүмүнүн дарыгери Аманов Гамил болгон.

2020-жылдын 1-апрелинен тарта УКМК дарыгер менен болгон келишимди бир тараптуу токтотту.

Материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 355-беренеси (бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөө жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, Өзгөчө абал режимин бузган тараптар үчүн КР мыйзамдарынын чегинде жаза колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий