• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

УКМК: Ошто чек арачылар чет элдик жүргүнчүлөрдөн опузалап акча алып жүргөндүгү аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөн узак мөөнөттүү иш-чаралардын жүрүшүндө “Ош-аэропорт” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунан КР УКМК Чек ара кызматынын кызматкерлеринин коррупциялык иштеринин туруктуу каналы аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, аталган көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, системалуу түрдө чет элдик жүргүнчүлөрдөн опузалап акча каражатын алып жүрүшкөндүгү аныкталды.

Азыркы учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында “Ош-аэропорт” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун КР УКМК Чек ара кызматынын 20 кызматкерлеринин үстүнөн текшерүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий