• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК Оштогу спорт комплексин басып алууга байланышкан абалга комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети белгисиз адамдар президент Садыр Жапаровдун жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташтарыбыз деп, Ош шаарындагы спорт комплексин басып алууга аракет кылып жаткандыгы жөнүндө "Ата-Мекен" партиясынын депутаты Ш.Атазовдун билдирүүсүнө байланыштуу комментарий берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 15-апрелинде КР ЖК кезектеги жыйынында «Ата-Мекен» партиясынын депутаты Ш.Атазов белгисиз адамдар өздөрүн КР президенти жана УКМК төрагасынын тарапташтары катары көрсөтүшүп, Ош шаарындагы спорт комплексин басып алуу аракетин көрүп жатышат делген ЖКнын трибунасында нааразычылыгын билдирген.

“Алынган маалыматтарды текшерүү учурунда, Ош шаарынын Түлейкан айылында жайгашкан 2 гектардан ашык аянттагы үч кабаттуу курулуп бүтпөгөн имарат менен спорттук объект (күрөш залы жана кичи футбол аянтчасы) бар экендиги аныкталды. Тактап айтканда, Союз мезгилинде спорт сарайынын ордуна дерматовенерологиялык оорукана куруу пландаштырылган, бирок СССР кулагандан кийин бул аймак Ош шаардык мэриясынын балансына өткөрүлүп берилген. Ага карабастан, айрым тургундар спорт комплекстин аймагын менчиктештирүүгө активдүү аракет жасап, уруксатсыз жеке менчик үйлөрдү куруп алышкан. Буга байланыштуу 10 жылдан бери Ош шаарынын мэриясы менен жер тилкелерин өзүм билемдик менен тартып алган жергиликтүү калктын ортосунда сот процесстери жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, 2021-жылдын март айында "Улуттар Биримдиги" ППнын шаардык кеңешинин мурунку депутаты - Данияр Абдулаевдин демилгеси менен 1 гектар спорт комплексинин калган жерин Ош шаарынын мэриясынынын балансына каттоодон өткөрүү өтүнүчү менен КР президентине кайрылуу жиберилген.

Ошондой эле, Д.Абдуллаев жана жогоруда аталган спорт клубунун машыктыруучулар штабы менен баарлашуу учурунда, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун жана Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы К.Ташиевдин атынан эч ким барбагандыгы аныкталды.

"Ата-Мекен" партиясынын депутаты Ш.Атазовдун Жогорку Кеңештин жыйынындагы кайрылуусу коомчулукту өзүнө көңүл бурдуруу жана резонанс жаратуу максатында айтылган.

Пикир

Оставить комментарий