• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштун аэропортунда коңшу өлкөнүн жарандары 3 кг героин менен кармалды

Коом 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Ош шаарынын аэропортунда үч коңшу өлкөнүн жарандары 3 кг героин менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Маалыматка ылайык, 26 жаштагы Ш.А., 33 жаштагы С.Г., жана 31 жаштагы С.С. 30-март күнү наркотикалык заттарды контрабандалык жол менен ташууга бөгөт коюууга багытталган ыкчам иш-чаранын алкагында кармалган.

Алар Кыргызстан аркылуу баңги заттарды Россияга жекирүүнү көздөшкөн.

Багажды текшерүү учурунда жашыруун сактоочу жайда салмагы 3 килограммдан ашык 57 брикет (героин) табылган.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган адамдар Ош шаарынын милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий