• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

УКМК Пакистандагы "Пабби-Антитеррор — 2021" антитеррордук машыгуусуна катышты

Коом 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Кечээ, 4-октябрда, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын "Пабби-Антитеррор — 2021" биргелешкен терроризмге каршы машыгуусуна катышты.

УКМКдан билдиришкендей, машыгуу Пакистанда Аймактык антитеррордук түзүмдүн аткаруу комитетинин координациялоосунун жардамы менен өткөрүлдү. Иш-чаралар бир нече этап менен өткөрүлдү. Акыркы этабы жана жабылуу аземи Пакистандын Пабби машыгуу полигонунда өттү.

Терроризмге каршы биргелешкен машыгуунун жүрүшүндө атайын антитеррордук бөлүктөрдүн кызматкерлеринин практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу менен бирге ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашуу механизмдери реалдуу убакытта (онлайн) иштелип чыкты.

Коопсуз маалымат жана телекоммуникациялык системаны колдонуунун эффективдүүлүгү, өз ара аракеттенүүнүн башка каналдарынын мүмкүнчүлүктөрү текшерилди. Терроризмге каршы чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча тажрыйба алмашуу болуп, бул жаатта кызматташтыкты жакшыртуу демилгелери талкууланды.

Машыгуунун жыйынтыгында ШКУга мүчө мамлекеттердин органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлине жетишиши байкалды. Ошондрой эле аймактык коопсуздукту чыңдоого салымын кошуп, пайда болгон террористтик чакырыктарга жана коркунучтарга ыкчам көңүл буруу, өз убагында биргелешип жооп берүүгө шарт түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий