• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Пара алууга шектелип ИИМдин тергөөчүсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Пара алуу фактысы боюнча КР ИИМ тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарындагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, КР ИИМ тергөө кызматынын тергөөчүсү жазык ишине катышкан адамга карата жазык куугунтугун токтотуу үчүн акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.

2021-жылдын 9-июнунда КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, өзүнүн кызматтык бөлмөсүнөн 500 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен милициянын полковниги «У.Э.К.» кармалды.

Бул факт КР УКМК башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Опузалап пара алуу") боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Кармалган адам КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде КР УКМК тергөө камак жайынны убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий