• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Пара берүү фактысы боюнча транспорт министринин орун басары жана Автоунааны көзөмөлдөө агенттигинин директору кармалды

Коом 0

Бишкек, 08.02.20. /Кабар/. КР транспорт жана жолдор министринин орун басары Н.Ж. жана Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы Б.А пара берүү фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, кечээ, 7-февраль күнү аталган комитеттин Коррупцияга каршы кызматынын (ККК) кызматкерлери тарабынан КР транспорт жана жолдор министринин орун басары Н.Ж.10 миң доллар пара берип жаткан учурда кармалган.

"Такталгандай, министрдин орун басары КР УКМК ККК кызматкерлерине, сотко чейинки өндүрүш ишинде фигурант болгон КР Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин кызматкерлеринин кылмыш ишин токтотуу максатында пара берген", - деп билдиришти УКМКдан.

УКМКдан билдиришкендей, ошол эле күнү, Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы Б.А пара берүүгө катыштыгы бар экендиги аныкталып, кармалган.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүмү ("Пара берүү") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий