• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ноокат райондук «Кадастр» мекемесинин чиновниктери УКМК кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан

Укук тартиби 0


Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Ноокат районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат жана А.Мирмахмудов айыл аймактарында жайгашкан 65 гектардан ашык жер аянтын жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба жерлерин жер тилкелерине трансформациялоосуз жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды.

Бул факт боюнча Ош облусунун Ноокат райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери жоопкерчиликтен качуу максатында УКМКнын кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан.

2023-жылдын 2-июнунда КР УКМК кызматкерлери тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (пара берүү) менен мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ноокат районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы Н.М. жана жетектөөчү адис К.у.К. УКМКнын кызматкерине 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берип жаткан учурунда кармалышты.

Кармалгандар Ош шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо максатында жерди алдаган бир нече фактыларды документтештирүү боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий