• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

УКМК: Пара берип жаткан Каракол жылуулук менен камсыздоо ишканасынын директору кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.11.22. /Кабар/. «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын Каракол шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын директору «О.А.Ж.» пара берип жатып кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 31-октябрында АИС ЖИИде катталган сотко чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында «Каракол жылуулук камсыздоо» мамлекеттик ишканасынын финансы-чарбалык ишмердигинде 2018-2021-жылдарга карата мыйзам бузуулар аныкталган.

Мыйзамсыз аракеттерди документтештирүү жана аталган ишкананын финансы-чарбалык ишмердигине тиешелүү текшерүүлөрдү уюштуруу максатында 2022-жылдын 16-ноябрына текшерүү дайындалып, анын жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Энергетика министрлигине караштуу «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын Каракол шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын директору «О.А.Ж.» УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерине текшерүүнү токтотуу жана аныкталган финансылык мыйзам бузууларды аудитордук актыга түшүрбөөнү айтып, системалык түрдө ачык-айкын акчалай сыйлык сунуштап келген. Аны далилдеген аудио-видео жазуулар жасалган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда («ири өлчөмдө пара берүү») каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 2022-жылдын 25-ноябрында А. КР УКМКнын тергөө-ыкчам тобу Каракол шаарынын шартында 5000 АКШ доллары өлчөмүндө пара берип жаткан учурда «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын Каракол шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын директору « О.А.Ж.» аттуу жаран кармалган.

Учурда КР УКМК тарабынан облустун аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана башка мамлекеттик органдардын тутумундагы коррупциялык жана башка мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана жоюуга багытталган тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий