• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Пара менен кармалган кызматкер иштен бошотулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Пара менен кармалган кызматкер иштен бошотулду, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы (ӨКК) улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери «Н.у.С» карата жүргүзгөн кызматтык иликтөөнү аяктады.

Ички иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 2020-жылдын 4-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын алдындагы Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (ЭККМК) кызматкерлери УКМКнын ӨКК менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси боюнча «Пара талап кылуу» боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКнын кызматкери «Н.у.С» кармалган.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында УКМКнын кызматкери «Н.у.С» беделин түшүргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынан бошотулган.

Учурда аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүштү КРнын алдындагы ЭККМКнын тергөө органдары жүргүзүүдө.

Бул кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, УКМК жана ЭККМК жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды.

Пикир

Оставить комментарий