• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Пара талап кылган Талас мэриясынын кызматкери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Пара талап кылган Талас мэриясынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 4-июнунда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Талас мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу (МНБ) башкармалыгынын жетектөөчү адиси, 1991-жылы туулган Ш.у.К. пара алып жаткан учурунда кармалды.

Такталгандай, кармалган адам муниципалдык жердин ижара мөөнөтүн узартуу үчүн жеке ишкерден акча каражатын талап кылган.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Талас облустук ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий