• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Пара талап кылуу фактысы боюнча Ноокен райондук милициясынын тергөөчүсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Пара талап кылуу фактысы боюнча Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук милициясынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 27-мартта КР УКМК Жалал-Абад облусу боюнча Коррупцияга каршы кызматы жана КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Маасы айылынан майда бейбаштык фактысы боюнча жашы жете элек кызга, анын тууганына карата козголгон кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү боюнча арыз ээсинен 12 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен, Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын капитаны Р. у. И. жана Э.К. аттуу жаран кармалды.

Милициянын капитаны Р. у. И. жана Э.К. аттуу жаранды кармоо КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында жүргүзүлдү.

Учурда КР УКМКнын Жалал-Абад облусунун башкармалыгы тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий