• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

УКМК: Пара талап кылуу фактысы боюнча райондук милициянын тергөөчүсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Пара талап кылуу фактысы боюнча Биринчи Май районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан укук коргоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, опузалап пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча, Бишкек шаарынын ИИББнин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү, милициянын лейтенанты "А.К." кармалды.

Такталгандай, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери "А.К." жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун ИИБ кызматкери "Д.Б" өз кызыкчылыктары үчүн, "М.у.Т." аттуу жаранга сотко чейинки иш бар деп кысым көрсөтүшкөн.

Бирок кызматкерлер "А.К." жана "Д.Б" сотко чейинки ишти токтотуу маселесин чече алышпагандыктан, опузалап талап кылуу фактылары ачыкталып кетишине жол бербөө үчүн, "М.у.Т." аттуу жаранга 1500 АКШ долларын кайтарып берүүгө аргасыз болушкан. Калган 500 АКШ долларын кайтарып берүү учурунда, Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсү “Д.Б” кармалган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү ("Опузалап пара алуу") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий