• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Пара талап кылуу жана алуу фактысы боюнча "Кыргызалтындын" төрагасы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик органдардагы коррупциялыккөрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөткоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, КР УКМК ККК "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы "У.Э.А." тарабынаналтын казуучу ишканалардын айрым жетекчилеринен пара талап кылуу жана акча каражатын алуу системалуу фактылары аныкталды.

​Аталган «У.Э.А.» алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан алам деген коркутуу менен, эмгек акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүнү талап кылган.

​2021-жылдын 12-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда“У.Э.А.” кармалды.

​Учурда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, "Кыргызалтындын" жетекчиси тарабынан опузалаппара алуу сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

​2021-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде "У.Э.А." Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий