• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК парламент депутаты Марат Аманкуловдун мыйзамсыз байыгандыгын аныктады - сүрөттөр

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети парламент депутаты Марат Аманкуловдун мыйзамсыз байыгандыгын аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык кылмыштарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын өкүлү - КР Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.А (Марат Аманкулов КСДП фракциясы) тарабынан мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды.

Такталгандай, А.М.А. саясий ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө ал кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, анын жалпы суммасы анын расмий кирешесинен бир нече эсе жогору болгон. Мындан тышкары, көмүскө активдерин жашыруу үчүн, аларды жакын туугандарына жана кирешеси расмий тастыкталбаган аффилирленген адамдарга каттаткан. Атап айтсак, соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, "Каприз" борборундагы коттедж, 3 особняк, жана ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 аткаруучу унаа. Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1,5 миллиард сомдон ашык сомду түзгөн.

Жогорудагы активдерге келип чыгуунун мыйзамдуулугун берүү максатында A.M.A. аларды сатып алуудан мурун, ал тиешелүү насыяларды финансы-кредит мекемелерине берген.

Аталган А.М.А. 2008-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаардык кеңешиндеги жана КР Жогорку Кеңешиндеги саясий таасирин колдонуу менен активдерин кыйла көбөйткөндүгү божомолдонууда.

Учурда А.М.А. башка активдерин, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган каражаттарды легалдаштырууга катышкан адамдардын чөйрөсү аныктоо иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий