• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК: Патрулдук милиция бөлүмүнүн үч кызматкери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.08.21./Кабар/. А.Ч. аттуу жарандын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүнкызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

КР УКМК Бишкек ШИИБнин Патрулдукмилиция бөлүмүнүн кызматкери А.Ч. аттуужаранды өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөө учурунда, Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн полкунун рота командиринин орун басары А.Н., полктун 2-ротасынын 3-взводунун кенже инспекторлору Б.Э. жана Б.А. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалгандар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий