• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Полковник Үсөнбек Ниязбековго эстелик орнотулду

Коом 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. 2019-жылдын 7-августундагы окуяларда курман болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбековго эстелик орнотулду. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-майда «Альфа» атайын күчтөрдүн кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон жоокерлерин эскерүү күнүнө карата, Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнүндө КР УКМК атайы кызматынын полковниги Үсөнбек Ниязбековдун эстелигинин ачылышы болуп өттү.

Эстелик ачылышына өкмөт аппаратынын өкүлдөрү, УКМК жетекчилиги, ардагерлер жана ошондой эле Ү.Ниязбековдун туугандары менен жакындары катышты.

Эскерте кетсек, полковник Үсөнбек Ниязбеков 2019-жылдын 7-августунда А.Атамбаевди мажбурлап алып келүү учурунда каза болгон.

Ү.Ниязбеков Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Бел-Өрүк айылында 1972-жылы туулган. Оштогу техникалык университетти бүтүргөн. 2000-жылдан тартып КР УКМК органында кызмат өтөп келген.

Өзүнүн кызмат кылган учурунда ал мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга татыктуу болгон.

Үсөнбек Ниязбеков каза болгондон кийин “Эрдик” медалы менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий