• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Президент аппаратынын сот реформасы бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.06.19. /Кабар/. Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМК билдиргендей, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 319-берене ("Коррупция") боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагындагы ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө М. Арабаевдин жогорудагы кылмышка катыштыгы аныкталган.

2-июнь күнү М. Арабаев Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин тартиби боюнча кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий