• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Пробация департаментинин аймактар аралык башкармалыгынын кызматкери пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Пробация департаментинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан билдиришкендей, 27-август күнү "С.А.С." аттуу жарандын арызы боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 326-беренеси боюнча сотко чейинки өңдүрүш иши каттоого алынган.

"Ош шаарындагы пробация бөлүмүнүн башкы адиси, "С.А.С." аттуу жарандан соттуулугун шарттуу-мөөнөтсүз түрдө жоюуга көмөк көрсөтүү үчүн 38 миң сом талап кылганы аныкталды", - деп билдирет УКМК.

1-сентябрь күнү ал 38 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №53 тергөө абагына камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий