• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Прокурордун орун басары жана тергөөчү пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 16-октябрда УКМКнын коррупцияга каршы кызматы Башкы прокуратурасынын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмү менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 60 миң сом параны кайтарып жаткан учурунда Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары «А.Н.К.» жана Жети-Өгүз райондук ИИБ тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү «Б.Э.Б.» кармалган.

Алдын ала маалымат боюнча, «А.Н.К.» тергөөчү «Б.Э.Б.» менен биргеликте КР жараны «Э.А.» кылмыш ишин кыскартуу үчүн 100 миң сом пара талап кылып, 60 миң сомду алган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси («пара талап кылуу») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалгандар КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тиешелүү тергөө ыкчам иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий