• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК Р.Төлөгөновдун уулунун билдирүүсү – мародерлук боюнча ишке саясий өңүт берүү аракети деп эсептейт

Коом 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. 2010-жылдагы апрель окуясынын учурунда мародерлук тууралуу кылмыш иши боюнча тергөөнүн алкагында Кылмыш-процессуалдык кодекстин бардык талаптары менен ыкчам-тергөө иш-чаралары активдүү жүргүзүлүүдө.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында айрым жактардын мародерлукка катышкандыгы боюнча түздөн-түз далилдер алынды.

УКМК “Ата-Мекен” фракциясынын кээ бир депутаттарынын жана кармалган мурдагы депутат Райкан Төлөгөновдун жакындарынын билдирүүсүн жоопкерчиликтен качуу максатында саясий өңүттөгү мародерлук тууралуу кылмыш ишинин фактыларын которуунун кезектеги аракети деп эсептейт.

Булак: АКИпресс

Пикир

Оставить комментарий