• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: Райымбек Матраимов кайрадан кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.02.21./Кабар/. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалды, - деп билдирет УКМК.

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Р. Матраимовго карата сотко чейинки өндүрүштү улантууда.

2021-жылдын 18-февралында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМК кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.

Райымбек Матраимов УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, 48 сааттын ичинде сот ага карата тергөө бүткүчөктү баш коргоо чарасын карайт.

УКМК бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө коомчулукка маалымдамакчы.

Пикир

Оставить комментарий