• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Садыр Жапаров камакка алынды

Коом 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. Садыр Жапаров КР КК 227, 341, 113-чү жана 234-беренелерине (өлтүрүү менен коркутуу, барымтага алуу, бейбаштык, бийлик өкүлүнө күч колдонуу) ылайык кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө тарабынан 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында митинг учурунда каршылык акциясынын катышуучулары КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Э.Каптагаевди облмамадминистрациясынын имаратынын жанында токтотулган «Фольксваген Венто» маркасындагы унаага күчтөп салып, аны барымтага алышкандыгы аныкталган. Күбөлөрдүн көрсөтмөсү боюнча, бул митингдин жана андан кийинки укук бузуу аракеттеринин уюштуруучусу мобилдик байланыш аркылуу Э.Каптагаевди бошотпоо көрсөтмөсүн берип, “буга чейин макулдашылган план” боюнча иш кылууну талап кылган С.Жапаров болгон. Милиция кызматкерлеринин операциясынын натыйжасында Э.Каптагаев бошотулган.

Белгилей кетсек, Э.Каптагаев отургузулган унаа учурда Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалып, КРга экстрадициялоо маселеси чечилип жаткан С.Жапаровдун тууганы Б.Куланбаевге таандык болгон.

Күбөлөрдөн алынган маалыматтарга жана кылмыш ишинин документтерине ылайык, Каракол шаарындагы 2013-жылдын 7-октябрындагы митингдин башкы максаты облмамадминистрациянын имаратын басып алуу жана Ысык-Көл облусундагы абалды туруксуздандыруу болгон.

Кылмыш ишинин материалдары боюнча С.Жапаров бул митингди каржылаган.

Учурда С.Жапаров кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий