• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Салык кызматкерлери пара менен кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Салык кызматкерлери пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 6-мартында УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук салык башкармалыгынын бөлүм башчысы Н.Ш. жана инспектору С.Р. кармалды.

Такталган маалымат боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн жооптуу кызматтагы адамдар жеке компаниянын бухгалтеринен салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечип берүү үчүн 25 000 АКШ долларын талап кылган.

2020-жылдын февраль айында салык кызматынын инспектору С.Р. белгиленген сумманын бир бөлүгү 5000 АКШ долларын алган.

2020-жылдын 6-мартында Бишкек шаарынын Ленин райондук салык кызматынын башчысынын жана инспекторунун кызматтык кабинеттерин тинтүүнүн жүрүшүндө жеке компаниянын салык боюнча текшерүүгө көрсөтүлгөн документтери табылып алынды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды

Кармалган адамдар КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий