• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК: Саперлор филармониядагы колго жасалган муляжды жок кылышты

Кырсык 0

Бишкек, 24-май /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети колго жасалган жардыргыч заттын муляжын табышкан.

Журналисттерге УКМК басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 24-майда, 102 номерине филармониянын имаратында шектүү зат табылгандыгы тууралуу чалуу түшкөн.

“Жерине УКМК жана ИИМ кызматкерлери барышкан. Имарат курчоого алынган. Аймакты текшерүүнүн жүрүшүндө шектүү куту табылган. Саперлор зыянсыздандыруу жабдуусу менен жардыргыч заттын муляжын жеринде жок кылышты”, - деп айтышты атайын кызматтан.

Учурда жеринде УКМК кызматкерлери жана ИИМ ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий