• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалыматы бардыгын айткан Султанбеков расмий кайрылуудан баш тартты

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-ноябрында «Социал-Демократ» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Темирлан Султанбеков УКМКнын төрагасынын кабылдамасына УКМКнын төрагасы менен жеке жолугушуу өтүнүчү менен кайрылган.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ошол эле күнү кечинде саат 20:00дө УКМК коомдук кабылдамасында КРнын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалыматы бар экенин айткан Т. Султанбеков менен УКМКнын кызматкери сүйлөшүү жүргүзгөн.

Комитеттин кызматкери "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" мыйзамга ылайык, ал өлкөнүн жараны катары шайлоо процессинин бузулушунун фактыларын көрсөтүү менен УКМКнын төрагасына кайрылууга укуктуу, ага мыйзамда белгиленген мөөнөттө текшерүүнүн жыйынтыгы жана көрүлгөн чаралар боюнча негиздүү жооп берилеттиги боюнча маалыматты Т. Султанбековго берген. Ошону менен бирге, Султанбековго атайылап жалган маалымат тараткан боюнча жоопкерчилик бар экендиги эскертилген.

"Бирок Т. Султанбеков расмий кайрылуудан баш тарткан. Ал ошондой эле КРнын шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча колунда болгон маалыматтардын чоо-жайын жана жагдайларын ачыктоодон баш тартты. Белгилей кетчү нерсе, шайлоо процессине кийлигишүү жагынан коомдук аң-сезимди ар кандай шылтоолорду жана манипуляцияларды болтурбоо максатында, Шайлоо алдындагы агитация мезгилинде УКМКнын төрагасы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди жеке кабыл албайт", - деп айтылат маалыматта.

УКМК КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин жана саясий партиялардын административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануусуна жана шайлоо мыйзамдарын бузуусуна жол берилбестигин эскертет.

Шайлоо процессин бузуу фактылары боюнча жарандар КР УКМКга, ИИМге жана Боршайкомго расмий кайрылууга укуктуу.

Ишеним телефондору: 62-65-04, 66-04-75.

Пикир

Оставить комментарий