• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Караколдогу мектепте жарылуучу затка окшош шектүү буюм табылды

Коом 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. 2017-жылы 10-апрелде саат 10:00до Каракол шаардык ИИОнун “102” күзөт кызматына №11 мектеп-гимназиясында колго жасалган жарылуучу зат табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге УКМК жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери барышып, мектептин айланасы курчоого алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө саперлер ичинде шектүү буюм катылган кара баштык табышкан.

Азыркы учурда техникалык экспертиза дайындалып, аталган фактыга катыштыгы барларды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий