• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК Сирия жана Ирактагы кыргызстандыктардын балдарын кайтаруу ишинин жүрүшү боюнча маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Сирия жана Ирактан кыргызстандыктардын балдарын кайтарып келүү маселеси боюнча түзүлгөн мекемелер аралык жумушчу топ Сириянын лагерлеринде болгон жарандарды идентификациялоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу парламенттин отурумунда УКМКнын төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбеков билдирди.

Депутат Данияр Аттокуров билдиргендей, коңшу мамлекеттер өзүнүн жарандарын Сирия менен Ирактан кайтарып келүү иштерин жүргүзүүдө. Ал, аялдар менен балдарды кайтарып келүү ишин тездетүү керектигин айтып, алар Кыргызстандын жарандары экенин белгилеп өттү.

Тургунбековдун айтымында, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган жумушчу топ Сирияда болгон жарандарды идентификациялоо боюнча иштерди аткарууда.

"Иштер жүргүзүлүп жатат. 500дөн ашык жаран качкындар үчүн лагерь жана түрмөлөрдө жатат. Жумуш аяктай элек", - деди Тургунбеков.

Пикир

Оставить комментарий