• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Сириядагы ЭТУ согушкерлерин каржылоого 100 миң сом жөнөткөн адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.10.18. /Кабар/. Сириядагы эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөсү кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында УКМК тарабынан өткөрүлгөн контртеррористтик иш-чаралардын жыйынтыгында, Бишкек шаарынан Кыргыз Республикасынын жараны, 1990-ж.т. эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөсү О.У. кармалды. Аны текшерүү учурунда Кыргыз Республикасынын А.Р. аттуу мурда Сирия согуш аракетинде катышып жүргөн ЭТУ согушкерине таандык жасалма паспорт табылган.

"Такталган маалыматтар боюнча, кармалган адам Сириядагы ЭТУ мүчөсү болуп, согушкерлерге каржылык жана башка жактардан көмөк көрсөтүп, чет өлкөлөрдө жашыруун ячейкалардын катарында жүргөн. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча О.У. Сириядагы ЭТУ согушкерлерин каржылоого 100 миң АКШ долларын жиберген", - деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий