• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Сириядан Кыргызстандын жараны кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 4-май /Кабар/. Сириядан Кыргызстандын жараны кайтарылды. Бул тууралуу КР УКМК басма сөз кызматы билдирди.

“2017-жылдын 29-апрелинде УКМК тарабынан Кыргызстандын жарандарынын согуш аракеттерине катышуу максатында Сирияга кетүүсүнө жол бербөө боюнча контртеррористтик ишмердигинин алкагында 1989-жылы Баткен облусунда туулган Кыргызстандын жараны И.Г. мекенине кайтарылды”, - деп айтылат билдирүүдө.

И.Г. аттуу жаран эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү тарабынан азгырылып, Сирияга баруу максатында Түркияга жөнөтүлгөн.

Учурда И.Г. баласы менен туугандарына берилди.

УКМК аталган жаранды азгырып жөнөтүүгө катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө чараларын улантууда.

Пикир

Оставить комментарий