• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сокулукта ата мекендик өндүрүүчүлөр унду жасалма товардык белги менен жогорулатылган баада саткан

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Ата мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан унду жасалма товардык белги менен жогорулатылган баада массалык түрдө өндүрүү жана сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө республиканын аймагында ата мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан жасалма товардык белги менен жогорулатылган баада унду массалык түрдө өндүрүү жана сатуу фактылары аныкталган.

Тактап айтканда, ички рынокто алып келүүчүлөр түздөн-түз ички же импорттук дандан өндүрүлгөн ундун дүң баасы кошумча нарк салыгынан бошотулгандан кийин 50 килограм ун 1500 сомду түзөт, ал эми суроо-талапка ээ болгон импорттук ундун баасы учурда болжол менен 2100 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын августунда унга рыноктук бааны турукташтыруу максатында КР министрлер кабинети дандын импортуна жана ата мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан ун өндүрүүгө кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасын кабыл алган. Жеңилдиктер 2022-жылдын 1-августуна чейин жарактуу.

Бирок абийирсиз ири жеткирип берүүчүлөр жана ун өндүрүүчүлөр КНС салыгы (товардын наркынын 12%) менен, Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнөн импорттолгон ундун жасалма товардык белгилерин колдонуу менен, унду жогорулатылган баада сатууга кызыкдар болушууда.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 1-бөлүгү (Башка товардык белгини, тейлөө белгисин, бир түрдөгү товарлардын же окшош товарлардын белгилери келип чыккан жердин аталышын мыйзамсыз пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Т.К.А. аттуу жаранга таандык, КНСтин нөлдүк ставкасы менен импорттолгон дандан жасалма «Эталон» соода маркасы менен ун өндүрүү процессин жолго салуучу, Бишкек шаарынын аймагында жасалма «Эталон» маркасындагы ун Чүй облусунун Сокулук районундагы ун комбинатында даярдалып, сатылып жаткандыгы аныкталган.

Аталган ун чыгаруучу ишкананы тинтүү учурунда 350 тоннага жакын унду таңгактоо жана андан ары сатуу үчүн даярдалган жасалма “Эталон” товардык белгиси бар 200 каптан ашык ар бири (50 кг) түзгөн ун жана 7 миң бош кап табылган.

Пикир

Оставить комментарий