• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Сот департаментинин мурдагы директору камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.02.20. /Кабар/. Жогорку соттун Соттук департаментинин мурдагы жетекчиси камалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан коррупциялык иштерге бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча өткөрүлүп жаткан ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинде мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам бузуу фактысы аныкталды.

Мурда козголгон сотко чейинки өндүрүштүн негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май районунун жана Сот департаментинин имаратын оңдоп-түзөө иштери боюнча тендер өткөрүүдө мамлекетке пайдасыз келишимдерди түзүү фактысы аныкталды.

Такталгандай, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун жаңы имаратын куруу иштери боюнча тендер өткөрүүдө, өзү үчүн материалдык байлык топтоо максатын көздөп, анын жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке ири суммадагы чыгым келтирилген. Учурда бул сумма такталып жатат.

Жогоруда укук бузууларда Сот департаментинин жетекчилигинин катышуусу бар экендигине түздөн-түз далилдер алынды.

Буга байланыштуу тергөө иштеринин жыйынтыгында Сот департаментинин статс-катчысыы К.С., башкармалыктардын биринин бөлүм башчысы А.А., башкы адиси Г.Ж., жана ошондой эле Ж.Т. карата камакка алуу боюнча баш коргоо чаралары каралды.

2020-жылдын 31-январында сот департаментинин мурунку директору Р.И., карата дагы жогоруда жасаган кылмыштар белгиленген кылмышка шектүү катары билдирме берилди. Ошол эле күнү Бишкек шаардык Биринчи май районунун соту тарабынан камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралды.

Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий