• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: Соцөнүгүү министрлигинин кызматкери пара берип жатып кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.12.20. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкери пара берүү фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 27-ноябрында КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК кызматкерине 60 миң сом өлчөмүндө акча каражатын накталай түрүндө пара берип жаткан жеринен Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Р.Б. кармалды.

Такталгандай, кармалган Р.Б. УКМК кызматкерине Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аз камсыз болгон жашоочуларына социалдык төлөмдөрдү алуу үчүн документтерди каттоосун текшерүү учурунда мыйзам бузууларды оң жагына чечүүсү үчүн акча каражатын берген.

Аталган факт сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинде көрсөтүлгөн ("Пара берүү") кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардыын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий