• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевди кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. КР Социалдык фондунун төрагасы аймактык бөлүмдөрдөн акча талап кылуу фактылары боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК, Социалдык фонддун жетекчилиги тарабынан аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынан акча өндүрүп алуу фактысы аныкталганын, буга байланыштуу сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Социалдык фонддун аппаратынын жетекчиси кармалганын билдирген.

“Аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Социалдык фонддун “И.М.Э.” аттуу төрагасынын мыйзамсыз акча талап кылууга катыштыгы бар экендиги тууралуу маалыматтар алынды. Кечээ, 18-ноябрь күнү Социалдык фонддун төрагасы кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды”, - деп билдирет УКМК.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий