• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Соцтармакта чагымчыл маалымат тараткан адам аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Социалдык тармакта чагымчыл маалымат тараткан адам аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9-апрелинде КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Ош областынын Кара-Суу районунда туулган С.Н. аттуу жаран аныкталды.

Такталган боюнча, С.Н. социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды жайгаштырган.

Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүүнүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда тиешелүү экспертиза дайындалды. Тергөө жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мындай чагымчыл жана башка улуттар аралык кастыкты козуткан маалыматтарды тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылаарын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий