• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Соцтармакта чагымчыл маалымат тараткан адам аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Социалдык тармакта чагымчыл маалымат тараткан адам аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 30-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында «Аруузат Токо» аты менен “Фейсбук” баракчасы аркылуу аймактар аралык жаңжалды козутуучу материалдарды жайгаштырып келген, Бишкек шаарынын тургуну Т.Ч аныкталды.

Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүүнүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда филолого-лингвистикалык экспертиза дайындалды. Тергөө жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мындай чагымчыл жана башка аймактар аралык кастыкты козуткан маалыматтарды тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылаарын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий