• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Соцтармактар аркылуу коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/.Социалдык тармактар аркылуу коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 23-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында 1983-жылы туулган Ош областынын Араван районунун Тепе-Коргон айылынында туулган Боромбаев Шабдан Осонович аныкталып, кармалды.

Кармалган адам социалдык тармактар аркылуу коронавирусту бийликтегилер атайын ойлоп тапкан жана ага каршы вакцина бар экен, аны сайдырбагыла деген жалган маалыматтарды тараткан.

Ал текшербестен, жалган маалыматка ишенип, аны тараткандыгын мойнуна алып, жалпы элден кечирим сурады.

Анын ишине юридикалык баа берилет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Пикир

Оставить комментарий