• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: СOVID-19 вирусу тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды

COVID - 19 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. СOVID-19 вирустук инфекциясы тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 23-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1992-жылы туулган Ош областынын Ноокат районунун тургуну Имамидин уулу Алымбек кармалды. Ал социалдык тармакта “сасык тумоо болуп ооруган адамды коронавирус экен деп туура эмес диагноз чыгарышты” деген маанидеги жалга маалыматтан турган пост жарыялаган.

Имамидин уулуна түшүндүрүү иш-чаралар өткөзүлгөн соң, ал кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Пикир

Оставить комментарий